Испания тургуну алтын балыгын “сейилдетүү” үчүн карантин эрежелерин бузду

Испания тургуну алтын балыгын “сейилдетүү” үчүн карантин эрежелерин бузду. Полиция кызматкерлери отургучтагы эркекти көрүп, ал эреже бузганын айтуу үчүн жанына барган. Жарандын жанында чоң эмес аквариум болгон.

 

Эркек балыкты шылтоо кылып, сыртка чыгып алган. Анткени, Испанияда үй жаныбары менен сейилдөөгө гана уруксат берилет. Бирок полиция тургунга болбой эле айып салды.