Ордо калаада санитардык-карантиндик посттор алынды

Ордо калаада санитардык-карантиндик посттор алынды.

Иштерди «Тазалыктын»  кызматкерлери жүргүзүп жатат, — дешти муниципалитеттен.

Маалыматка караганда, посттор алынганы менен кыймылды чектөө жана көзөмөлдөө уланат.

Зарыл жумушу жок көчөгө чыккандарды жана унаалардын өткөрмө кагаздарын милициянын

кайгуул кызматы текшерип жатат. Эске салсак, бүгүнтөн тартып экономикалык

ишмердүүлүктү жандандыруунун биринчи этабында 120 миң жаран жумушка чыгышты.