Бишкекке 100 жаңы автобусту кытайлык компания жеткирет

Бишкекке 100 жаңы автобусту кытайлык компания жеткирет. Тендердин жеңүүчүсүн атайын комиссия аныктады, — деп билдиришти мэриядан. Транспортту сатып алууга сынак кышында жарыяланган.

 

Бул максатта бюджеттен 650 миллион сом бөлүнгөн.

 

Мэриядан белгилешкендей, ар бир автобус 70тен кем эмес жүргүнчүнү батыра алат. Транспорт пандустар жана “Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында валидаторлорду орнотууга аянтча менен камсыздалган.