Бүгүн түндө Кытайдан 10 миң ПЦР-тест келди.
Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.
Анын айтымында, жардам гуманитардык түрдө берилди.
Мындан тышкары Белорустан 100 миң жана Түркиядан
60 миң ПЦР-тест келиши күтүлүүдө. Жороев белгилегендей,
өлкөдө аталган медициналык жабдуу жетиштүү көлөмдө,
запаста дагы 45 миң тест-системасы бар.