Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге 1 миллион 400 миң  сом айып салынды

Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге 1 миллион 400 миң  сом айып салынды.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын адиси Азат Ракимов билдиргендей,

рейд күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Айыпка тартуу биринчи жолкусу менен гана чектелбейт.

Эреже бузуу бир нече ирет кайталанса мекеме жабылат. Мындай чара аркылуу

май айынан бери 10 объектинин иши токтотулду. Алардын иштөөсүнө

ордо калаада эпидемиологиялык абал турукташмайынча уруксат берилбейт.