Этникалык кыргыздардын ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуусу үчүн сынак старт алды

Этникалык кыргыздардын ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуусу үчүн сынак старт алды.

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, ага Тажикстан,

Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кытайдын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алат.

Документтер 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Ал күндүзгү саат 2ден 5,30га чейин гана

ведомствого кагаз түрүндө тапшырылышы керек. Сынак тууралуу кененирээк маалымат жана

кайсы документтер талап кылынары тууралуу министрликтин сайтынан таанышууга болот.