Ордо калаада жаңы «Ак кула» ат майданы курулат

Ордо калаада жаңы «Ак кула» ат майданы курулат.

Бишкек мэриясы долбоорду иштеп чыгууга тендер жарыялады.

73 жыл мурда курулган ипподром учурда авариялык абалда.

Техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар сайтында күндүн аягына чейин жарыяланат.

Белгилеп кетсек, узак убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин ат майдан мэриянын балансына өткөн.

Учурда айрым жер тилкелери боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат.