Баткен районунун Сай айылындагы мектепке кошумча корпус пайда болот

Баткен районунун Сай айылындагы мектепке кошумча корпус пайда болот.

Бул тууралуу облус жетекчисинин орун басары Жаркынбек Максүтов билдирди.

Маалыматка караганда, иштердин 70 пайызы аткарылды.

Учурда карантинге байланыштуу курулуш иштери токтоп турат.

Долбоордун сметалык баасы 41 миллион 700 миң сомду түзөт.

Мектепте 345 окуучу билим алат.