Россиядагы кыргызстандыктар Бишкекке жарым миллион сомдук дары-дармектерди жөнөтүштү.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бардык уюштуруу маселелери,
материалдык-техникалык жана транспорттук чыгымдар Кыргызстандын Россиядагы
элчилиги тарабынан каралды. Мындан сырткары, элчиликтен бир катар
медициналык каражаттар калаа бийлигине өткөрүлүп берилди.