Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы өз ишин баштады


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы өз ишин баштады.

Миссиянын жетекчиси Томас Бозеруп билдиргендей, Бишкекте иштеген курамда 12 эксперт болот.

Мындан тышкары 11-сентябрдан тартып жер-жерлерде узак мөөнөттүү 18 байкоочу иштеп баштайт.

Миссия Кыргызстандын уюм алдындагы жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышына,

демократиялык шайлоо өткөрүү стандарттарынын сакталышына көз салат. Муну менен катар шайлоонун жүрүшүнө,

добуштарды эсептөөгө жана жыйынтык чыгарууга байкоо жүргүзүлбөйт. Эске салсак,

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Учурда үгүт кампаниясы жүрүп жатат.

Шайлоого 15 саясий партия ат салышууда.