Жалал-Абадда коомдук унааларга видео-көзөмөл аппараттар орнотулат

Жалал-Абадда коомдук унааларга видео-көзөмөл аппараттар орнотулат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жабдуулар менен камсыздоо апрелде башталат.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Шаардык бийликтен белгилешкендей, аталган иштер жарандардын коопсуздугун

камсыздоо максатында аткарылууда. Ал эми аталган аппараттарды орнотууга

каршы чыккан айдоочулар каттамга чыгышына чектөө киргизилет.