«Түндүк электр» ишканасына жарык үчүн эсептерди кайрадан почта түйүндөрүнөн төлөө жанданды

«Түндүк электр» ишканасына жарык үчүн эсептерди кайрадан почта түйүндөрүнөн төлөө жанданды.

Эске салсак, бир жума мурда «Кыргыз почтасы» мекемеси менен болгон келишимдин мөөнөтү

бүткөндүгүнө байланыштуу почта аркылуу төлөм жүргүзүлбөй калган. Келишимге кол коюлуп,

кызмат көрсөтүүлөр жанданды. Эсептерди терминал, электрондук капчык, коммерциялык банк,

уюлдук компаниянын сатуу жана кызмат көрсөтүү борборлорунан андан тышкары,

«Түндүк электрдин» Бишкектеги, Чүй жана Талас облустарындагы кассаларына кайрылса болот.