Ордо калаадагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү

Ордо калаадагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери

мыйзамсыз объектилерди бузуу иштерин улантууда. Абдымомунов көчөсүндөгү дубал жана

анын жанындагы бала бакчанын тосмосу бузулду. Ошондой эле Айни көчөсүндөгү уруксаты

жок иштеп жаткан 2 күркө алынды. Мындан тышкары Юнусалиев көчөсүндөгү бардын кире

беришиндеги курулуш бузулду. Муниципалитеттен белгилешкендей,

мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери тынымсыз уланууда.