Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алынып келинди.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, алар Нур-Султан шаары аркылуу келишкен.
Алардын баары аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү.
Ушул тапта алар шаарынын четиндеги бейтапканага жаткырылды», — деп
билдиришти министрликтен. Карантин мезгилинде Ухандан алынып келинген
жарандар менен бир гана медицина кызматкерлери байланышта болуп турушат.