Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин
Иманалиев, Рысмендиев, Кумара, Киев, Тыныстанов, Элебесов көчөлөрүндө,
Эркиндик бульварында, «Ак-Ордо», «Арча-Бешик» конуштарында жана
Орто-Сай айылында электр энергиясы жок болот.
Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.