Ордо калаанын жаңы конуштарында электр линияларын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатат.
Учурда иштер “Ала-Тоо” конушунда жүрүп жатат. Электр усундары ушул жайда орнотулуп бүтөт.
Андан кийин түзүмдөр Ленин районунун электр станцияларынын балансына өткөрүлүп берилет.
Иштерге жалпысынан 600 миң сом керектелет. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.