Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, Лейлек районунда 12-июлда жааган жамгырдан улам сел жүргөн.
Исфана шаарында 6 турак жайга суу кирип, Раухана тилкесинде 38 бодо мал агып,
Чимген, Мурза-Патча, Бешбала жана Тогуз-Булак айылдарында каналдардын жээктерин сел жууп кетти.
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн
сел тосмолору да зыянга учурады. Тазалоо иштери бүгүн да уланууда.