Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өрнөк айылында эки жүк ташуучу унаа кагылышты. Соккудан биринин кабинасында өрт чыкты.

 

Андагы айдоочу жана бир жүргүнчү ошол жерден жан берди. Дагы эки адам ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилди. Авариянын чоо-жайы такталууда.