Жылдыздуу форвард Лионель Месси “Барселонадан” кетүү ниетинде

Жылдыздуу форвард Лионель Месси “Барселонадан” кетүү ниетинде. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, футболчу келишимди узартуу сүйлөшүүлөрүн токтотту. 33 жаштагы чабуулчу клубдун туура эмес кабыл алынган чечимдерине күнөөлүү болуп жатканына нааразы болууда.

 

Эске салсак, Лионель Месси каталондук команданын негизги курамында  2004-жылы ойноп баштаган.