АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего зоопаркына барган
туристтер пилдердин кызгануу окуясына күбө болушту.
Видео YouТube каналына жарыяланган. Роликтен пилдин баласы
досунун жанына барганын көрүүгө болот. Кичинекей пилдер бири-бири менен
ойногусу келгендей сыяктанат. Бирок баласын кызганган алп жаныбар кичинекей
пилди түртүп, дөңдөн ары тоголотуп жиберген.
Ары жактан ал пилдин апасы жардамга чуркап келген.