Калаа бийлиги Бишкек аттуу балага белек ыйгарды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,
8 жаштагы Бишкек Табылдиев Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында жашайт.
Ал 2-класстын окуучусу. Билим берүү онлайн форматында болуп жаткандыктан,
ага мэрия тарабынан сыналгы жана смартфон белекке берилди.
Кошумчаласак, баланын аты Бишкек баатырдын ысымынын урматына коюлган.
Буга чейин анын сүрөтү соцтармактарга жарыяланган.