Ош шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт

Ош шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт. Бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды, — дешти түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан.

 

Андан такташкандай, чечим эпидемияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. 24-25-майда милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп, абалды көзөмөлгө алат. Белгилеп кетсек, Бишкекте акыркы коңгуроо салтанаты кадимки форматта өтмөй болду.