Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча курулат

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча курулат. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин пайдубалын салуу аземине район администрациясынын жетекчиси дагы катышты.

 

Имарат 75 балага чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 20 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерине каражат  жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Объект бөбөктөрдү кийинки жылы кабыл алып баштайт.