Кыргызстандыктардын 71 пайызында коронавируска антителасы бар

Кыргызстандыктардын 71 пайызында коронавируска антителасы бар.

Мындай жыйынтыкка Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча

илимий-практикалык борборунун кызматкерлери жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн кийин

келгенин уюмдун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Ал түшүндүргөндөй,

COVID-19 менен оор, жеңил жана белгилери жок ооруп айыккан кыргызстандыктардын

организминде антитела бар. Нурматов белгилегендей, мындай жарандардын көбү

Ош шаарына жана Талас облусуна туура келет. Ал эми коронавируска

антителасы бар жарандардын эң эле азы Бишкекте.