Бишкекте коронавирус боюнча чалуу кызматы таңкы саат 8ден тартып түн ортосуна чейин иштейт.
Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирет.
Анын айтымында, учурда ар бир бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чалуу кызматтары бар,
бирок жарандардан чалуулар жеткиликтүү болбой жатканы боюнча даттануулар түшүп жатат.
Андыктан аларды борборлоштуруу чечими кабыл алынды. Кабинет даярдалды, жалпысынан
6 линия уюштурулат. Медицина кызматкерлери 2 сменада иш алып барышат.