1-июлдан тарта башкаруунун автоматтык системасы орнотула элек май куюу станциялардын иши токтотулат

1-июлдан тарта башкаруунун автоматтык системасы орнотула элек май куюу станциялардын иши токтотулат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынан эске салышты.

 

Ведомстводон белгилешкендей, жаңы система орнотулмайын, станциянын ишине уруксат берилбейт. Ушундай эле чара жабдуулары тиешелүү талаптарга жооп бербеген учурларга дагы колдонулат.

 

Техникалык көрсөткүчтөргө текшерүүлөрдү аймактык салык органдары жүргүзөт. Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күнгө карата автоматтык система менен өлкөдө 400дөн ашык май куюу станциясы камсыздалган.