Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу быйыл ноябрда аяктайт.
Кеп, трассанын 45 чакырымы тууралуу болуп жатат. Ал эми калган
7,5 чакырымдагы жумуштар 2022-жылдын октябрында соңуна чыгат, — деп
билдиришти министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан. Маалыматка караганда,
бугүнкү күндө калыбына келтирүү иштери графикке ылайык аткарылууда.
Белгилеп кетсек, реконструкциялана турган тилкенин жалып узундугу
52,5 чакырымды түзөт. Иштер 2017-жылы башталган, учурда жумуштардын
негизги бөлүгү аяктап, Сокулук районундагы тилкеде аткарылууда.