Google компаниясы өзүнүн “темир” продукцияларынын упаковкаларынан пластикти толугу менен алып салуу ниетинде

Google компаниясы өзүнүн “темир” продукцияларынын упаковкаларынан пластикти толугу менен алып салуу ниетинде. Бул 2025-жылга чейин аткарылат. Корпорация мунун менен чектелип калбайт.

 

Алсак, жакында эле тартууланган Pixel 5 смартфонунун арткы бети кайра иштетилген алюминийден жасалды. Ал эми Nest Audio акылдуу колонкасы 70 пайызга кайра иштетилген пластиктен чыгарылды.