Ош шаарында калаанын 3020 жылдыгы белгиленүүдө.
Түштүк калаа мэриясынан novosti.kgге билдиришкендей, борбордук аянтта
салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага 300гө жакын адам чакырылды.
Алар Ош шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошкон ардагер жетекчилер,
дарыгерлер, ыктыярчылар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана
маданият кызматкерлери. Концерттик программанын кечки бөлүгү жергиликтүү телеканалдар
аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Иш-чаранын соңунда калаа тургундары салют аттырууга күбө болушат.