Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы масштабдуу деңгээлде белгиленет.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, майрамды белгилөө планына
100дөн ашык иш-чара камтылды. Алар Бишкекте жана аймактарда өткөрүлөт.
Алсак, театрлаштырылган оюн-зоок, ири жарманкелер жана спорттук мелдештер уюштурулат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөдөгү
эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чаранын планы толукталып,
уюштуруу комитетинин талкуусуна коюлушу керек.