Бишкекте 9-май күнү «Жеңиш» аталышындагы автожүрүш болду.
Бул иш-чара коронавирустан улам токтотулган «Өлбөс полк» жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы болуп калды.
Себеби жарандар өз унааларынын ичинде болушту. 100гө чукул автоунаа шаардын чок ортосунан баштап
Чоң-Арык айылына чейин барышты.
Коронавирустан улам «Өлбөс полкко» тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду.
50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин
Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти.