Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, алдын ала 442 миллион сом бекитилген.

Каражатты үнөмдөө үйрөтүүчү сабактардын онлайн өткөнүнө байланыштуу жана эл аралык уюмдардан

колдоосунун негизинде мүмкүн болду. Шайлдабекова кошумчалагандай, 16 саясий партиядан

шайлоо күрөөсүнө 5 миллион сомдон чогултулган. Шайлоодо 5 пайыздан кем эмес добуш алган

саясий уюмдарга баштапкы күрөө акысы кайтарылып берилет.

Калган сумма республикалык бюджетке которулат.