Бүгүн биздин ордо калаа Бишкек 143-туулган күнүн белгилеп жатат

Бүгүн биздин ордо калаа Бишкек 143-туулган күнүн белгилеп жатат.

29-апрелде майрамдоо токтомун шаардык кеңеш кабыл алган. 1878-жылы дал ушул күнү

Семиреческ облусунун аскердик губернатору Герасим Колпаковский Токмок уездинин борборун

Пишпекке которуу буйругун берген. Бир убакта отурукташуу менен Пишпек шаар статусун алган.

Андан улам, дал ушул ордо калаанын түптөлгөн күнү деп эсептелет. Пандемияга чейин

Шаар күнү масштабдуу деңгээлде белгиленип келген. Бирок былтыркы эпидемиологиялык

кырдаалдан улам, быйыл дагы салтанатты өткөрбөө чечими кабыл алынды. Бүгүн майрам

тууралуу бизге шаардык автобустар эскертишти. Алардын бары шарлар менен кооздолду