Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат

Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат. Объект Нурматов көчөсүндөгү иштебеген соода күркөлөрү жайгашкан тилкеде пайда болот.

 

Дүкөндө социалдык маанидеги товарлар өздүк наркы менен сатылат. Бирок жарандар социалдык абалын тастыктаган документин көрсөтүшү керек.