Чолпон-Атада Раппопорт аллеясы кайрадан түзүлөт

Чолпон-Атада Раппопорт аллеясы кайрадан түзүлөт. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, долбоордун эскизи даярдалды. Аллея ден-соолукту чыңдоочу комплекстин жанында жайгашып, жалпысынан 14 гектар аянтты ээлейт.

 

Эске салсак, Балыкчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Раппопорт аллеясы 2016-жылы жок кылынган. Анда 700 терек жана карагай кыйылган болчу.