Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт.

 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдиргендей, 200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталар 10-майдан тарта жүгүртүүгө чыгарылат.

 

Андан кийин банктар аларга ылайыктап терминалдардын жана банкоматтардын системасын дагы жаңыртат.

 

Буга убакыт талап кылынат. Кошумчаласак, купюралардын башкы бетиндеги искусство жана маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, артындагы республиканын кооз жерлери, негизги түстөр, өлчөмдөр өзгөрүүсүз калтырылды. Бирок суу белгиси, коргоо жипчеси жана жашыруун сүрөттөр сыяктуу коргоо элементтер күчөтүлдү.