Доллар курсунун серпилүүсү уланууда. Өткөн жумада кунун бекемдеген америкалык валюта кечээ позициясын кайрадан жогото баштады – 95 сомдук чекке жеткенден кийин, кайра арзандап баштады.
Коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары учурда долларды 87 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 89 сомго сатышууда.
Белгилеп кетсек, соңку 2 айдан бери доллардын курсу кескин серпилип жатат, аз убакыттын ичинде анын куну максималдуу түрдө 107 сомго чейин жетсе, минималдуу көрсөткүч — 78 сомду түздү.