Бишкектеги «Орто-Сай» базары жабылат.
Соода жайында дезинфекциялоо иштери жүрөөрүн вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун белгилери менен кайрылган бир нече адам аталган
базарга барганын айтышкан. Вице-мэр белгилегендей, санитардык-гигиеналык
иштер канча убакытка чейин созулаары белгисиз. Буйрук жакынкы аралыкта жарыяланат.