Ош шаарындагы менчик стоматологиялык клиникалардын 25и лицензиясы жок иштейт

Ош шаарындагы менчик стоматологиялык клиникалардын 25и лицензиясы жок иштейт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын тогузун орто медициналык билими бар дарыгерлер ачкан.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын бардык аймагында жеке стоматологиялык клиникалар менен кеңселердин лицензиялык талаптарга ылайыктуулугу текшерилүүдө.

Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, өткөн аптада Ош шаарында жана Ош облусунда текшерүү жүргүзүлдү.

Анын алкагында, аймакта 135 миң сомго мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү.