Ошто кышка камылга көрүү иштери башталды

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кыш мезгилине камылга көрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 88 отказандын баарында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, кошумча ремонттоо иштери аткарылууда.

Ошондой эле эскилиги жеткен түтүктөр толугу менен жаңыланып, ороп чулгоо иштери да аткарылып жатат.

«Кыш мезгилине камылга көрүү иштери быйылкы жылы масштабдуу деңгээлде жүрүп жатат.

Кызматкерлер ар бир жылуулук түтүктөрүн карап, көйгөй жаралган жайларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, пландын негизинде иш аткарылууда», — деп айтылат маалыматта.