Бишкектеги ири өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндөгү турак-жайдан чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерде төрт бригада иштеди.
«Алдын ала маалыматтарга караганда, ал үйдө жеке бала бакча болгон.

Өрт ага жеткен эмес, жалпысынан 200 чарчы метр күйдү.

Кырсыкта жабыркагандар жок жана анын кесепетин жоюу иштери уланып жатат»,-деп айтылат маалыматта.