Ошто муниципалдык ипотекага бериле турган 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Ошто муниципалдык ипотекага бериле турган 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Турак-жай Достук кичи районунда пайда болот.

 

Ишти муниципалдык ипотекалык ишкана жүргүзүүдө. Имарат заманбап өрткө каршы сигнализация, кондиционер жана лифттер менен камсыздалат. Белгилеп кетсек, бул Оштогу мындай экинчи үй. Биринчиси Курманжан Датка көчөсүндө курулууда.