Ошто муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди

Ошто муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облус администрациясынан билдиришти.

 

90 батирлүү турак-жай 9 кабаттан турат.

 

Бөлмөлөр ички жасалгасы менен жана бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган. Белгилеп кетсек, түштүк калаада дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатат. Алар Курманжан Датка, Көкүмбий көчөлөрүндө жайгашып, 80 жана 45 батирден турат.