Эртең 5 миң бишкектиктин үйүндө жарык өчүрүлүшү күтүлөт

Эртең 5 миң бишкектиктин үйүндө жарык өчүрүлүшү күтүлөт. “Түндүкэлектр” элеткр энергиясына карыз болгондорду аралыктан өчүрүү ниетинде. Буга чейин бөлүштүрүүчү компания эскертүү берген. Төлөмдөр банкоматтар, электрондук капчыктар жана почта, банктар аркылуу кабыл алынат.

 

Акылдуу эсептегичтер жарыкты аралыктан өчүрөт. Карыз төлөнгөндөн кийин абонент кайра электр энергиясына ошол эле жол менен туташтырылат.