Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу айрым көчөлөр кыймылга жабылат

Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу айрым көчөлөр кыймылга жабылат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, кечки саат 8 жарымдан түнкү 12ге чейин Чолпон-Ата көчөсүнүн Анкара – Чүй тилкесинде жана Чүй проспектисинин Чолпон-Ата – Ауэзов бөлүгүндө чектөөлөр киргизилет.

 

Унаалар аталган көчөлөрдүн бир тилкесинен гана өтө алат.

 

Белгилеп кетсек, эртең спорт сүйүүчүлөрү 5, 10 жана 21 чакырымга чуркайт.