Ички иштер министрлиги тутумунда 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

Ички иштер министрлиги тутумунда 6 өз алдынча кызмат түзүлдү.

Бул тууралуу министрдин орун басары Памирбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, Тергөө кызматы, жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык,

сотко чейинки өндүрүш боюнча Ички иштер органдары башчыларынын 67 орун басар кызматтары киргизилди.

Алар республиканын тергөө, жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү,

эксперттер жана аналитикалык маалымат кызматкерлерин жетектейт.

Андан тышкары, региондордогу тергөө кызматтарына 95 тергөөчү кызмат орду берилди, — деди Асанов.