Кыргызстандын аймагында сутка ичинде үч жерде жер титиреди

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде үч облуста — Ош, Жалал-Абад жана Нарында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, эпицентрде эң сезилерлик күч 4,5 баллга жетти.

Бул силкинүү бир күн мурун кечки саат 4кө жакын Жалал-Абад облусунда катталды.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.