Ошто жаңы мектеп бүгүн пайдаланууга берилди

29-декабрда Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган.

2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд өнүктүрүү фонду каржылады. Ага ылайык жаңы мектепти куруп берген тарапка шаар башчы Алмаз Мамбетов ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 

Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы 2 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди.

 

Дагы 4 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.