«Унаа» ишканасы майрам күндөрү иштебейт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү жана республикадагы автоунаа маселеси боюнча айдоочуларды тейлөө борборлору 1-9-январда иштебейт. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.
Мындан улам министрлер кабинети 1-январдан 9-январга чейин беш күндүк график менен иштегендер үчүн эс алуу күндөрү болорун жарыялаган. Андан улам «Унаа» элди 10-январдан тарта тейлейт.
29-30-декабрда «Унаанын» бардык кызматтары адаттагы эле тартипте саат 9:00дөн 18: 00гө чейин иштесе, ал эми 31-декабрда бир саат эрте жабылат.
Ведомстводон айдоочуларга эс алуу күндөрүн эске алып, тиешелүү маселелерин чечүүнү караштырып алууну эскертишти.