Ошто жер титиреди

Оштогу Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында бүгүн эртең менен жер титиреди.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, күчү Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 балл болуп сезилген.

 

Жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.